14:29
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстандын мамлекеттик карызы бир айда 164,55 миллион долларга өстү

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы жана ички) 6 миллиард 280,54 миллион долларды (599 миллиард 503,58 миллион сом) түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Белгиленгендей, 4 миллиард 545,11 миллион доллар (404 миллиард 683,78 миллион сом) — бул тышкы карыз, 1 миллиард 570,88 миллион доллар (139 миллиард 866,65 миллион сом) — ички карыз.

Бир айдын ичинде мамлекеттик карыз 164,55 миллион долларга өстү. Тышкы карыз 107,62 миллион долларга, ички 56,92 миллион долларга көбөйдү.

 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик карыз ИДПнын 45,53 пайызын түздү.

Тышкы карыздын жарымынан көбү (53,6 пайызын) Кыргызстандын көп тараптуу зайымдары — 2 миллиард 495,82 миллион доллар. Дагы 2 миллиард 87,81 миллион доллар (тышкы карыздын 44,9 пайызы) өлкө эки тараптуу жеңилдетилген насыялардын алкагында карыз. Анын ичинен республиканын тышкы карызынын 36,7 пайызын Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына болгон карыз түзөт, ал 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча 1 миллиард 708,17 миллион долларга жетти.

Эң көп окулган жаңылыктар