Чүй облусуна караштуу Молдовановка айылындагы тергөө абагына баңгизат киргизүүгө аракет кылган киши кармалды. Бул тууралуу ЖАМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, № 1 абакка белгисиз бирөө 24 граммдык нашаа ыргыткан.
Аталган факты боюнча ЖАМКтын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 247-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Жыйынтыгында мурда соттолуп чыккан 1979-жылкы А.Т.З. аттуу жаран кармалды.