USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

Санкт-Петербург полициясы өрттө каза болгон Гүлнаранын күйөөсүн кармады

17:53, 25 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Санкт-Петербург шаарындагы өрттө каза болгон Гүлнаранын күйөөсү кармалды. Бул тууралуу россиялык ЖМК билдирет.

Алардын маалыматында, аялынын өлүмүнө шектелип 34 жаштагы күйөөсү камоого алынып, ага каршы «атайын өлтүрүү» айыбы менен иш козголду.

Эскерте кетсек, кечээ Санкт-Петербург шаарында соода кылган Гүлнара аттуу кыргыз жараны өрттө каза болгон. Гүлнара менен бирге болуп, аман калган 19 жаштагы кайыниниси бепкап кийген кишилер павильонду өрттөп жибергенин айткан. Соода жайынын кожойкесинин айтымында, Гүлнаранын жолдошу ошо күнү мас болуп келип, аны сабап кеткен.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18