09:28
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Чүйдө акча алмаштыруучу жайды белгисиз бирөөлөр тоноп кетишти

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Ленин айылындагы «Сталбек» аттуу акча алмаштыруучу жайды белгисиз бирөөлөр тоноп кетишти. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кылмышкерлер кара өңдөгү «БМВ Х-5» үлгүсүндөгү унаа менен акча алмаштыруучу жайдын тосмосун темир аркан менен жулуп, ичинде отургандарга тапанчадан ок чыгарышкан. Алар аталган жайдагы акчаны тоноп кетишкен.

Октон жаракат алган жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тоноого шектүү кишилер изделип жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар