12:30
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Түркияда мекендешин тоногонго шектүү делип кыргызстандык 2 кыз кармалды

Түркиянын Манавгат шаарында мекендешин сабап жана тоногонго шектүү делип 2 кыргызстандык кыз кармалды. Бул тууралуу чет элдик ЖМК жазды.

Маалыматка ылайык, мейманканада тазалагыч болуп иштеген кыргызстандык Н.К. аттуу кыз А.К. жана А.С. аттуу мекендештерине карата полицияга арызданган.

Мамлекеттик оорукананын дарыгеринин корутундусунда жабырлануучунун денесинде көк-ала тактар болгону жазылган. Мындан соң прокуратура шектүүлөрдүн бөлмөсүн тинтүүгө ураксат сураган. Тинтүү маалында шектүүлөрдүн бөлмөсүнөн арыз ээсинин телефону табылды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума