04:26
USD 84.87
EUR 91.65
RUB 1.10

Жумгал районунда 2 өспүрүм дүкөндү тоноого шектелип кармалышты

Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда 10 жана 14 жаштагы балдар дүкөндү тоноого шектелип кармалышты. Бул тууралуу ОИИББдан маалымдашты.

Аталган райондун Жаңы-Арык айылынын Ж.Ж. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 29-майда белгисиз адамдар дүкөнүнүн кулпусун бузуп, кассадагы 5 миң 500 сом акчаны уурдап кетишкендигин айткан. Окуяга шектүү катары 2005-жылы туулган И.Э. жана 2009-жылы туулган А.А. аттуу тургундар кармалышкан.

Алар дүкөндүн кулпусун ачып, кассадагы акчаларды алып, дүкөндүн түштүк тарабында жайгашкан жапайы бактардын түбүнө таштар менен жаап, катып коюшканын айтышкан.




Эң көп окулган жаңылыктар