USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноого шектүү жаран кармалды

08:59, 03 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Караколдо ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти. 

Кармалган Б.М. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

««Талап-тоноо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ал талап-тоноо кылгандан кийин Ысык-Көлдө жашырынып жүргөн. Шектүү Каракол шаарынын кафелеринин биринен кармалды. Ал 24 жаштагы Б.М. болуп чыкты. Анын унаасын тинтүү маалында далилдөөчү буюмдары табылды. Учурда милиция калган шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам издөө иш-чарасын улантууда», -деп билдиришти ШИИББдан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика