12:08
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкекте талап-тоноого шектүү делип 28 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте талап-тоноого шектүү делип 28 жаштагы П.А. кармалды. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга шаардын К.Г. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал П.А. аттуу жаран үйүнө келгенин, ортодо пикир келишпестиктер жаралып П.А. аны сабап салганын айткан. Шектүү 14 миң сомдук телефонун жана 2 жарым миң сомун алып кеткенин кошумчалаган.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Шектүү колго түшүп, тергөө абагына 2 айга киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума