Ош шаарында баласын жаздык менен тумчуктуруп өлтүрүүгө аракет кылган аялды тергөө абагына камашты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Ош ШИИБдан билдиришти.
Маалым болгондой, ал №5 абакта тергөө аягына чыкканга чейин кармалат.
Аялдын айтымына караганда, мындай кадамга жокчулуктун айынан барган.