14:25
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Өзбекстан: дыйкандардан пландан ашык буудай алынууда

Өзбекстандын Фергана облусунда эгин жыйноо боюнча мамлекеттик планды аткарган дыйкандардын талаада калган буудайлары күч менен тартып алынууда. Бул тууралуу жергиликтүү дыйкандар билдиришүүдө.

Алардын биринин айтымында, жергиликтүү бийлик акыркы он беш жылдан бери алгачкы жолу ар бир гектар үчүн белгиленген центнер өлчөмүн негизсиз көтөрүп жиберди.

Президентибиз быйылкы жылды «Активдүү ишкердүүлүктү, инновациялык идеяларды жана технологияларды колдоо жылы» деп жарыялаган. Бирок тилекке каршы, бизде баары тескерисинче болуп жатат.

Мен дыйканчылык менен 15 жылдан бери алектенем. Бул аралыкта центнер бир дагы жолу жогорулатылган эмес. Мислаы, жыл сайын гектарына 26 центнерден буудай тапшырып турчумун. Калганын жумушчуларыма таратып берип, өзүмө алып калчумун. Бирок быйыл бийлик бизден гектарына 30 центнерден талап кылып, талаада калган буудайымды бүт алып кетип калышты. Менин өзүмө жана жыйырма жумушчума эч нерсе калбай калды, — деп даттанды ал.

Дыйкандын айтымында, Айыл жана суу чарба башкармалыгы менен буудай кабыл алуу комбинаты келишимди өздөрү каалагандай түзүшөт. «Алгач, алар баарын өзүлөрү жазып, мөөр басышат. Андан кийин дыйканга беришет. Ал болсо ага мөөрүн басууга аргасыз болот», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар