Тергөө абагында жаткан мурунку премьер-министр Сапар Исаковго аялы менен жолугууга уруксаат берилди. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине анын үзөңгүлөштөрү билдиришти.
Маалыматка караганда, процессуалдык процедураларга ылайык өттү. Буга чейин кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун кызматкерлери Сапар Исаковдун кармоо шарттарына карата нааразычылыгы жок экендигин билдирген. Ошондой эле, ал өзүн канааттандыраарлык сезип жатканын айтышкан.
Билдирүүгө ылайык, мурунку премьер-министрдин жубайы китептерди алып келип берди. Алардын арасында Сапар Исаков өзү суранган Герман Гессенин «Талаа карышкыры», «Альберт Эйнштейндин жашоосу» жана Шайлообек Дүйшеевдин «Агындылар» аттуу китептери бар.
Эске салсак, Сапар Исаковго жемкорлук айыбы тагылууда.