21:40
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Жогорку Кеңеште депутаттык мандатты кимдер ала турганы маалым болду

Жогорку Кеңеште депутаттык мандатты кимдер ала турганы маалым болду. БШКдан билдиришкендей, «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Болотбек Ибраимжановдун мамлекеттик кызматка кеткендигине байланыштуу, анын ордуна Тариел Жоробеков келиши мүмкүн.

Ал Талас районунун Долоно айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген. Ага чейин 25 жылдан ашуун убакыт мал догдуру болуп эмгектенген.

«Кыргызстан» фракциясынын депутаты Нурланбек Кадыкеевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу, анын ордуна Орозбек Алыбаев келиши мүмкүн.

Ал 2011-жылы Кыргызстандагы эң бай делген 50 аткаминердин катарына кирген. Кийин Бишкек боюнча салык кызматы башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген.

Эң көп окулган жаңылыктар