05:05
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

БШК депутат Айбек Осмоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу БШКнын жыйынында белгилүү болду.

Боршайкомдун шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Төлөгөн Айтикеев Айбек Осмоновдон депутаттык ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча арыз келип түшкөнүн билдирди.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге тиешеси бар деп айтылган «Регион ТВ» телеканалы Райымбек Матраимов менен байланышы бар делген Жогорку Кеңештин депутаттары тууралуу сюжеттерди чыгарган. Аларда экс-бажычынын бир тууганы Искендер Матраимов, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов, ошондой эле «чет элдик өкүл» мыйзам долбоорунун демилгечиси Надира Нарматованын аты аталган. Респонденттер Жогорку Кеңештин бул депутаттары мандаттарын ыктыярдуу өткөрүп бериши керектигин белгилешкен.

Сюжетте «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү Абдыбахаб Боронбаев тууралу да айтылган. Анын дагы ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат Саидбек Зулпуевге өткөрүлүп берилген. Абдыбахаб Боронбаев парламентке келгенге чейин Түштүк-Батыш бажысын жетектеген. БШК Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевдин дагы ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Жалпысынан төрт видеосюжет жарыяланып, алар YouTube платформасына жүктөлгөн.

Эске салсак, буга чейин УКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыялаган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси «кызматтык кылмыштын белгилери жок болгон учурда адамды күч менен кармоо менен анын жүрүү эркиндигин чектөө» боюнча шектелүүдө.

Белгилей кетсек, «Регион ТВнын» башкы редактору Өткүрбек Рахманов буга чейин журналист Адыл Акжол уулуна берген маегинде канал Камчыбек Ташиевге таандык экенин тастыктаган.

Эң көп окулган жаңылыктар