17:50
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Адахан Мадумаров: Жогорку Кеңештин мамлекеттик башкаруудагы орду төмөндөдү

Жогорку Кеңештин мамлекеттик башкаруудагы орду төмөндөдү. Бул тууралуу депутат Адахан Мадумаров бүгүн парламенттин жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, учурда Жогорку Кеңештин Регламентине жана «Депутаттык макамы» тууралуу мыйзам долбоорго өзгөртүүлөр сунушталууда.

«Жогорку Кеңештин мамлекеттик башкаруудагы орду төмөндөдү. Өлкөдө болуп аткан окуяларга парламенттин таасирин азайтуу аракети көрүлүүдө. Жогорку Кеңеш — мыйзам кабыл алуу пунктуна, нотариалдык конторага айланды. Коомдо болуп жаткан окуяларга таасирибиз жок эсе. Мыйзамдуулук, Конституция тебеленип тепселенип, бейбаш үй-бүлөгө айландык», — деди Адахан Мадумаров.

Депутат Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү мыйзамсыз кармалып олтурганын белгиледи.

«28 жаран мыйзамсыз карап олтурат. Эки кыздын саламаттыгын текшерилип, ден-соолугуна аябай коркунуч келип турганын айтышты. Биз бул жерде эч нерсе болбогондой бюджетти карайлы, статусту карайлы деп олтурабыз. Бийлик ушу 5-6 аялдан коркуп, титиреп олтурса, анда мен бийликтин бетине түкүрдүм. Кайран Жогорку Кеңеш! Кайран алган айлык! Кайран көкүрөккө таккан төш белги!», — деди ал.

Адахан Мадумаров тез арада парламенттик комиссия түзүп, акыркы убакта Конституция жана конституциялык мыйзамдардын бузулушун иликтеп чыгууну сунуштады.

«Медер Алиев жаш жигит, ал парламенттин омурткасы болгон комитеттен жөн жерден кеткен жок. Кесиптештерибиз кайда жүрөт жумушка келе албай? Мен өзүм бүгүн Курултай мыйзамсыз өткөнүн, ал боюнча жарлык мыйзамсыздыгына Конституциялык сотко кайрылам», — деп билдирди Адахан Мадумаров.

Эң көп окулган жаңылыктар