04:56
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Айтмамат Назаров депутаттык мандатын тапшырды

«Кыргызстан» фракциясынын депутаты Айтмамат Назаров аткаруу бийлигине өтүп жаткандыгына байланыштуу, мандатын тапшырды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин отурумунда айтты.

Айтмамат Назаровдун билдирүүсүндө, ал Улуттук энергохолдингди башкарып калуусу мүмкүн.

«Бул абдан көйгөйлүү объект. Бул ведомствонун дарегине карата көп сын угуп жатам, бирок мен таза жана так иштеп, милдетимди аткарам», -деди ал.

Эске салсак, ал буга чейин парламентте агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймакты өнүктүрүү комитетин жетектеп келген.

Эң көп окулган жаңылыктар