07:48
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Тергөө абагындагы мурунку премьер-министрдин кармоо шарттарына карата арызы жок

УКМКнын тергөө абагында кармалып жаткан мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун кармоо шарттарына карата арызы жок. Бул тууралуу анын санаалаштары «24.kg» агенттигине билдиришти. 

Маалым болгондой, Сапар Исаковдун ден соолугу жайында. Буга чейин ал медициналык кароодон өтүүдөн баш тарткан. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун адистери мурунку премьер-министрди экинчи жолу зыярат кылышууда. Алар менен бирге депутат Дастан Бекешев дагы келген.

Билдирүүгө таянсак, Сапар Исаковго азырынча аялы менен көрүшүүгө тыюу салынган. Бирок, бул тууралуу өтүнүч берилген, учурда каралууда. Жактоочулар болсо үзгүлтүксүз кабар алышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар