07:47
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Адвокат: Сапар Исаковдун жакындарынын мүлкүн тартып алганы жатышат

Адвокат Нурбек Токтакунов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлерине Сапар Исаковдун жакындарынын үй-жайын баалап чыгууга тапшырма берилгенин айтып чыкты.

«Катылган алтыны, банк эсептери жок экенин көргөндөн кийин эми алар анын жакындарынын мүлкүн камакка алып, тартып алганы жатышат. УКМК кызматкерлери анын жубайынын ата-энесинин батирин баалап чыгууга санкция алышты» деп жазды Нурбек Токтакунов 4-октябрда «Фейсбуктагы» жеке баракчасына.

«Азаттык» бул билдирүүнү такташ үчүн УКМКга кайрылды. Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов тергөө жүрүп жатканын, бирок жогоруда айтылгандай маселе көтөрүлбөгөнүн билдирди.

Бишкек ЖЭБин жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган. Ал өзү бул иште «саясий боёк» бар экенин айтып келет.

УКМКнын тергөө изоляторунда отурган Исаковдун абактагы мөөнөтү 5-декабрга чейин узартылган.

Эң көп окулган жаңылыктар