07:06
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сапар Исаков УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алынды

Экс-премьер министр Сапар Исаков УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алынды. Биринчи Май райондук соту Исаковдун баш коргоо чарасын ушинтип тандады. Ал эми КСДП фракциясынын аны үй камагында калтыруу өтүнүчү канааттандырылган жок.

Сот чечиминен кийин ал журналисттерге: "Бул жеткен адилетсиздик, сөз да жок",- деди.

Эске салсак, Сапар Исаков кечээ, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМКга 5-жолу суракка чакырылган эле.

Эң көп окулган жаңылыктар