21:40
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Орусиядан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келген дары-дармектер текшерилет

«Кайыңды-темир жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда Орусиядан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан дары-дармек каражаттарын өткөрүү ишке ашпай калды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коом менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, «Москва — Бишкек» каттамындагы поездди каттоого алуу маалында чек ара кызматкерлери ар кандай логотип чапталган дары-дармектерден турган 4 коробканы таап алышкан.

«Дары-дармектер салынган коробкалар вагондун купесинде жашырылган. Учурда 4 коробканы текшерүү үчүн ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», -деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Эң көп окулган жаңылыктар