14:28
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Манас проспектисинин бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды

Манас проспектисинин бир бөлүгү (Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү) унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган көчөдө жаңы тосмолор орнотулуп, жолдун үстүнкү катмары алмаштырылды.

Эске салсак, Манас проспектисинин бөлүгү калыбына келтирүү иштерине байланыштуу 10-майда жабылган.

Эң көп окулган жаңылыктар