00:05
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Комуз, Сыбызгы, Кара Жорго. Бишкекте жаңы аталыштагы көчөлөр пайда болду

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары баш калаадагы 76 көчөгө ат берүү тууралуу маселени карашты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, калктуу конуштар менен кичи райондордогу көчөлөргө жаңы ат берилди. Жаңы аталыштагы көчөлөрдүн санынын көптүгү боюнча Биринчи май району алдыда турат. Эң аз — Октябрь районунда.

24.kg агенттиги кайсыл райондордогу көчөлөр жаңы аталышта боло тургандыгы тууралуу таблица даярдады.

Жаңы аталыштагы көчөлөрдүн арасында Комуз, Сыбызгы, Кара Жорго, Көөкөр, Оймок жана Зергер сыяктуу өзгөчө аттар бар.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума