Таласта телефон уурдаган аял 6 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.
Маалыматка ылайык, Манас райондук соту 30 жаштагы Б.Е. аттуу аялды телефон уурдагандыгы үчүн 6 жылга эркинен ажыратты. Өкүмдө көрсөтүлгөндөй, аял буга чейин 2 жолу соттолуп чыкканына карабай, кайрадан кылмыш ишин жасаган.
Эске салсак, ушул жылдын март айында Үч-Коргон айылдык башкармалыктан аял башкы катчынын бөлмөсүнө кирип, 6 миң сомдук телефонун уурдап алган.