04:11
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Дагестанда миңден ашык кыздар сүннөткө олтургузулду

Дагестанда сүннөткө отургузууга дуушар болгон кыздардын саны жылына 1240ка жетет. Бул тууралуу Орусиянын «Укуктук демилге» фондунун юристи Юлия Антонова менен кавказдык изилдөөчү Саида Сиражудинова Дагестанда жана коңшу аймактарда аялдардын сүннөткө отургузулушу тууралуу баяндамасынын экинчи бөлүгүндө айтылат.

Алардын айтымынла, мындай тажрыйба Дагестандын түштүк-батыш бөлүгүндөгү бийик тоолуу аймактарда кеңири жайылган.

Укук коргоочулар бүгүнкү күндө Дагестанда сүннөткө отургузууга дуушар болгон кыздардын саны жылына 1240ка жеткенин билдирет.

Иликтөөнүн биринчи бөлүгү 2016-жылы күзүндө жарыяланып, кавказ республикаларында ал кызуу талкуу жараткан. Бул баяндамадан кийин Түндүк Кавказдын муфтийи «бузукулук» көйгөйүн жеңүү үчүн «дүйнөдөгү бардык аялдар сүннөткө отургузулушу керектигин» айтып чыккан.

Баяндама жарыялангандан кийин Дагестан прокуратурасы республикада текшерүү иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында жасалган операцияларды ырастаган маалыматтар табылбаганын билдирген.

«Аялдарды сүннөткө отургузуу — бул «жашыруун операция». Бул маселенин интимдүүлүгүн эске алсак, анда жабыркагандардын эч кимиси жаш кезинде сүннөткө отургузулганын же мындай тажрыйба дале колдонулуп келатканын айтмак эмес. Ошондой эле жабырлануучулар мындай операцияларды жасап жүргөндөр тууралуу дагы укук коргоо органдарына кабарлайт болчу. Анткени бул айылдаштарын, ал эмес жакын туугандарын прокуратурага салып берүү дегенди түшүндүрмөк», — деп билдиришкен анда укук коргоочулар.

Эң көп окулган жаңылыктар