Бишкекте 16 жаштагы кыз апасына бычак сайды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык эне менен кызынын үй-бүлөлүк урушунан улам келип чыккан. Ачууга алдырган кызы апасын ашкана бычагы менен бир жолу сайган. Алган жаракатынан улам жабырлануучу ооруканага жеткирилди.
«Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлери барып, бычактан жаракат алган аялдын өздүгүн такташкан. Ал 51 жаштагы М.З. аттуу аял болгон. Ал эми ага бычак сайган 16 жаштагы К.У. аттуу кыз», -деп билдиришти аталаган кызматтан.
Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, кызы апасынын алкоголдук ичимдик ичкенине нааразы болуп, ушундай кадамга барган.