00:41
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Бажы кызматынын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматовдун мүлкү камакка алынды

Бажы кызматынын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматовдун мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы «24.kg» агенттигине тастыктады.

Маалым болгондой, мүлкүн камакка алуу буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында ишке ашты.

Эске салсак, Кубанычбек Кулматовго 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда. 

Эң көп окулган жаңылыктар