03:56
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ош шаарындагы борбордук базардын жолу эки күнгө жабылат

Ош шаарындагы борбордук базардын жолу эки күнгө жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, Ош шаарынын Тилеке-Баатыр көчөсүндө чуңкурларды жамоо иштери башталгандыгына байланыштуу, Тилеке-Баатыр-Ж.Райимбеков көчөлөрүнүн кесилишинен, Тилеке-Баатыр-Ы.Монуев көчөлөрүнүн кесилишине чейинки аралыктагы жол убактылуу жабылат.

Оңдоо иштери 6-8-июнь күндөрү жүргүзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума