07:58
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкектеги Москва көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Москва көчөсүнүн бир бөлүгү, Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки аралык оңдоо иштерине байланыштуу 14-сентябрга чейин жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган аймакта бузулган тосмолор алмаштырылат. Ошондой эле, жаңы асфальт төшөлөт. Чыгыш багытында унаа токтотуучу жайлардын саны көбөйтүлөт.

Иштер 30-октябрга чейин уланат. Коомдук унаалар оңдоо иштери аяктаганча Киев көчөсү боюнча жүрүп турат.

Эң көп окулган жаңылыктар