11:46
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкектеги Абдымомунов көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Абдымомунов көчөсүнүн Исановдон тарта Тоголок Молдого чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган аймакта жылуулук, суу жана канализация түтүктөрү коюлмакчы. Иштер аяктагандан кийин жолдун асфальтталган бөлүгү кайра калыбына келтирилет.

Иш 10-октябрга чейин уланат.

Эң көп окулган жаңылыктар