Мурдакы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев өлкөдөн чыгып кеткенин УКМК ырастады.
Алардын маалыматында, Шадиев Баткен облусунун Лейлек району аркылуу Тажикстандын Хожент шаарына өтүп, ал жактан дипломатиялык паспорту менен Москвага, андан ары Нью-Йорк шаарына учуп кетти.
«Аскарбек Шадиев Лейлек районуну Арка айылы аркылуу чек араны мыйзамсыз өткөн. Анын туугандары дарыланууга кеткенин айтышууда. Бирок, тергөө органдарына дагы эле кайрыла элек. Андыктан издөө жарыяланды» — дейт УКМК.
Эске салсак, 28-апрелде Башкы прокуратура парламент депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси боюнча (кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш ишин козгогон.
Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эки айга камоо чечимин кабыл алды.