08:14
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ош шаарында ифтар базары жабылды

Ош шаарында жыл сайын орозо убагында иштечү ифтар базары «санитардык талаптарга жооп бербейт» деген жүйө менен жабылды. Бул тууралуу «Азаттык» шаардык Санитардык көзөмөл станциясына шилтеп кабарлайт.

Маалыматта базардын сатуучуларына буга чейин эле эскертүү берилгендиги айтылат.

Санитардык көзөмөл станциясы милиция кызматкерлери менен биргеликте базарды жапты.

Ош шаарынын Курманжан датка, 8-март көчөлөрүнүн боюнда кечке жуук даяр тамактардын базары жыл сайын орозо учурунда иштечү. Базардагы соодагерлер тамак-аштын баары жаңы жасалып, сатыларын белгилеп келишкен

Эң көп окулган жаңылыктар