15:35
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Мигранттар. 4 айда чет өлкөдөн Кыргызстанга 550 миллион доллар которулду

Ушул жылдын январь айынан апрелге чейин Кыргызстанга акча которуунун агымы 550 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, быйылкы көрсөткүч 2017-жылдын 4 айына салыштырмалуу 11 пайызга өскөн. Которулган акча каражатынын 90 пайызы Орусиядагы мигранттарга тиешелүү.

Эске салсак, былтыркы жылы эмгек мигранттары Кыргызстанга 2 миллиарддан ашуун каражат которушкан.

Эң көп окулган жаңылыктар