21:45
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Өлүмгө алып келген ала качуу. Жайыл РИИБсынын кызматкерлерине иш козголду

Милиция кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгү (өз ишине шалаакы мамиле кылганы үчүн) боюнча кылмыш иши козголду. Жайыл райондук прокуратурасынын маалыматы боюнча, алар райондук ички иштер бөлүмүндө 20 жаштагы кыздын бычакталышы боюнча айыпталып жатышат.

Эске салсак, 29 жаштагы Таластын тургуну кызды ала качып бара жаткан жеринен кармалып, Чүй облусуна караштуу Жайыл райондук ИИБнын милиция бөлүмүнө алынып келинген. Документтерди толтуруу маалында, кылмышка шектүү жаран кыз отурган бөлмөгө кирип, эшикти жаап алган. Милиция кызматкерлери эшикти сындырып киришкенде, канга чыланып жаткан кызды жана кылмышкерди көрүшкөн.

Учурда иликтөө иштери башталды. Маалыматка ылайык, бул иш боюнча Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлеринин иши да иликтенет. Алар автоунааны токтоткон соң, рапорт жазган эмес, кармалгандардын жанында кесүүчү-атуучу куралдардын бар-жоктугун жана алардын маңзат колдонуп же алкоголдук ичимдик ичкен-ичпегени аныкталган эмес.

Кыз алган жараатынан улам жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей каза болгон. Кол салган киши ооруканада дарыланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар