02:26
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жалал-Абад облустук соту балдарга акидей асылган бачабазга карата өкүмдү күчөттү

Жалал-Абад облустук соту балдарга акидей асылган бачабазга карата өкүмдү күчөттү. Бул тууралуу облустук соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, 49 жаштагы Э.А. көчөдө ойноп жүргөн балдарга акидей асылган. Ал шайтан араба менен келип жаш кызга тийишип, денесин кармалаган. Кийинки жолу башка кыздын денесин кармалап, «кызым, мен сени сүйөм», — деп айткан.

Жалал-Абад шаардык соту бачабазды күчөтүлгөн режимдеги колонияда жазасын алуу үчүн, 6 жылга эркинен ажыратты. Бирок, жабырлануучу тарап өкүмдү күчөтүүнү суранышты.

Натыйжада Жалал-Абад облустук соту өкүмдү күчөтүп, жаранды 8 жылга эркинен ажыратты.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума