Ош шаарында милиция кызматкерлери тарабынан «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин Криминалдык милиция кызматынын региондор аралык башкармалыгына, түштүк борбордун тургуну диний-экстремисттик уюмдун идеяларын активдүү түрдө жайылтып жатат деген маалымат келип түшкөн.
«Милиция 20 жаштагы А.А. аттуу тургунду кармашты. Ал ИИМде «Хизб ут-Тахрирдин» активдүү мүчөсү катары тизмеде турат. Анын үйүн тинтүү маалында, тыюу салынган уюмдун идеялары тууралуу жазылган 38 китеп, 6 диск жана 8 дептер табылды», -деп билдиришти ИИМден.
Аталган факт боюнча кылмыш изи козголду.