15:20
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Турсунбай Бакир уулу эки жыл мурда үйлөнгөн жаш аялынын сүрөтүн жарыялады

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Турсунбай Бакир уулунун бул жолку жаш учурда аялы 23 жашта. Бул тууралуу ал өзү жергиликтүү гезиттерге билдирди.

Саясатчы жаш аялы эки бала төрөп бергенин айтат.

«Кудайга шүгүр, эки балалуу болдук. Кызыбыз бир жаш үч ай болду. Ким эмне десе да, бул адамдын жеке жашоосу, Аллахтын астында ар бир адам өзү жооп берет», — Турсунбай Бакир уулу. 

Турсунбай Бакир уулу 60 жашта. Аялы менен ортосундагы айырмачылык 37 жаш. Каным аттуу аялы менен Турсунбай Бакир уулу Хиджаб эл аралык күнүндө таанышып, бир топ тоскоолдуктарды өткөндөн кийин үйлөнүшкөн. 

«Жылына февраль айында хиджаб эл аралык күнү өтөт, 50-60 мусулман кыз-келинге хиджаб жана «Куран» китебин белек катары тартуулайм. Ал кыз да ошол хиджаб менен «Куран» алган кыздардын бири болчу. Ага да Нуризага айткандай эле: «Өзүң менен тең курактуу адам таап, бактылуу бол. Мен бирөөнөн күйгөм», — деп айткам, ал: «Жок, сизге турмушка чыгам», — деп бардык кыйынчылыктарга-тоскоолдуктарга карабай бекем турду», — дейт саясатчы.

Эскерте кетсек, Турсунбай Бакир уулу буга чейин Нуриза Бурханова деген жаш кызга үйлөнүп, андан дагы эки балалуу болгон. Мурдакы депутат аялдарынын саны так айтпайт. 11 балалуу болгону гана маалым.

Эң көп окулган жаңылыктар