07:24
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстандык спортчу эл аралык жарым марафондо жеңишке жетишти

Кыргызстандык спортчу Виктория Полюдина эл аралык жарым марафондо жеңишке жетишти. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине машыктыруучу Виктор Борисов билдирди.

Мааламтка караганда, мелдеш 20-майда, Казакстандын Караганда шаарында өттү. Ага 18 өлкөдөн 8 миң атлет катышкан. 21 километр аралыкка чуркоо боюнча Полюдинанын финалдык жыйынтыгы 1 саат 14 мүнөттү түзгөн.

Мындан сырткары, мырзалар арасында Кыргызстандык Адилет Кыштакбеков 3-орунга ээ болду.

Эске салсак, буга чейин Виктория Полюдина Дүйшөнбү, Астана жана Шэньчжэне шаарларында өткөн мелдештерде да жеңишке жетишкен болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар