Кыргызстандык спортчу Виктория Полюдина эл аралык жарым марафондо жеңишке жетишти. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине машыктыруучу Виктор Борисов билдирди.
Мааламтка караганда, мелдеш 20-майда, Казакстандын Караганда шаарында өттү. Ага 18 өлкөдөн 8 миң атлет катышкан. 21 километр аралыкка чуркоо боюнча Полюдинанын финалдык жыйынтыгы 1 саат 14 мүнөттү түзгөн.
Мындан сырткары, мырзалар арасында Кыргызстандык Адилет Кыштакбеков 3-орунга ээ болду.
Эске салсак, буга чейин Виктория Полюдина Дүйшөнбү, Астана жана Шэньчжэне шаарларында өткөн мелдештерде да жеңишке жетишкен болчу.