10:28
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Айтматовдун 90 жылдыгы. Жазуучунун айылына «Чыңгыз-Ордо» комплекси курулат

Талас облусунун Шекер айылына залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Чыңгыз-Ордо» комплекси курулат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдайт.

Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынын өткөрдү.  Анда «Чыңгыз-Ордо» маданий комплексинин жакшыртылган концепциясын түзүү сынагынын жеңүүчүсү болгон архитектордун долбоору сунушталды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев улуу жазуучунун чыгармачылык мурасын өлкө ичинде, ошондой эле анын чегинен тышкары жайылтуу боюнча аракеттерди активдештирүү зарылдыгын баса көрсөттү.

Чет өлкөдө жашаган мекендештерибиздин арасында Чыңгыз Айтматовдун өмүрүн жана чыгармачылыгын изилдөө маселесине өзгөчө көңүл буруу кажет. Мекенинен алыста жашагандыктарына карабастан, биздин мекендештерибиз Чыңгыз Төрөкулович ким экенин билип, эстеп жүрүүлөрү керек.

Мухаммедкалый Абылгазиев

Финансы министрлигине тиешелүү буйрук даярдоо менен «Чыңгыз-Ордо» комплексинин курулушун республикалык бюджеттен каржыланган объектилерине киргизүүнү тапшырылды.

Аны менен бирге Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Кинематография департаментине Чыңгыз Айтматовдун «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повести боюнча Саха Республикасы менен биргеликте тартылуучу (Россия Федерациясы) тасма тартууну тездетүү буйругу берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума