06:46
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы. Бишкекте кандай иш-чаралар өтөт

Кыргызстанда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы белгиленип жатат.

Классиктин туулган күнүнө карата Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 12-декабрда Бишкекте өтө турган иш-чаралардын тизмесин даярдады:

  • 9.00 — «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл коюлат;
  • 11.00 — Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өтөт;
  • 15.00 — Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде «Эргеүү булагы» көргөзмөсүнүн ачылышы болот;
  • 17.30 — Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында «Саманчын жолу» спектакли коюлат;
  • 19.30 — ошол эле театрда «Айтматов жана театр» эл аралык театр фестивалынын жабылыш аземи болот.
Эң көп окулган жаңылыктар