Кыргызстанда 4 ай аралыгында 284 экстремизм фактысы катталды. Бул туурасында маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.
Айтымында, аталган факт боюнча 159 кылмыш иши козголгон.
«Ушул жылдын 4 айында экстремизмге каршы аракет жана мыйзамсыз миграция боюнча кызматы кылмыш кылган 6 541 кишини колго түшүргөн. Алардын арасынан 4 470 киши (алардын ичинен 865 аял) кылмыш жоопкерчилигине тартылган», -деп айтты Курсан Асанов.