09:58
USD 88.36
EUR 95.26
RUB 0.96

Депутат ЖЭБ боюнча ишти 1-сентябрдан кечиктирбей сотко өткөрүүнү сунуштады

«1- сентябрдан тартып ЖЭБ боюнча ишти сотко өткөрүп берүү керек». Мындай пикирин бүгүн парламенттин жыйынында депутат Акылбек Жапаров билдирди.

Эскерте кетсек, парламент бүгүн дагы ЖЭБде түзүлгөн авариялык абалга байланыштуу депутаттык комиссиянын корутундусун кароону улантууда.

Депутаттын айтымында, ЖЭБде болгон авариянын себеби таңгалдырат.

«Акыл эстүү адамдар алгач самоордо суу барбы жокпу карап, анан тамызат. Бизде бары тескерисинче болду. Ушундан эле жыйынтык чыгарып койсо болот. Батинкени кийип алып, байпакты тарта бербеш керек. Алгач аварияга күнөөлүүлөр боюнча чечим кабыл алып, андан соң алардын жоопкерчилигин аныктоо зарыл», — деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле ал, иш 1-сентябрга чейин сотко өтүшү керек экенин, болбосо укук коргоо органдарына болгон ишеним жоголоорун билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар