14:57
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Депутат ЖЭБ боюнча экс-премьерлер күнөөсүн мойнуна албай жатканын айтып нааразы

«Мурдагы үч өкмөт башчыны кошкондо, аткаминерлер ЖЭБ боюнча күнөөсүн мойнуна албай жатат». Мындай пикирин бүгүн парламенттин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев билдирди.

Эскерте кетсек, парламент бүгүн дагы ЖЭБде түзүлгөн авариялык абалга байланыштуу депутаттык комиссиянын корутундусун кароону улантууда.

«Парламент болгону өкмөткө ишенип, ТВЕА менен болгон макулдашууну ратификациялап берген», — деди ал.

Дагы бир депутат Азизбек Турсунбаев укук коргоо органдарын маселени иликтөөгө алып, эгер ошол учурдагы өкмөт мүчөлөрүнүн күнөөсү аныкталса аларды жоопкерчиликке тартып, чыгымды калыбына келтирүүнү милдеттендирүүгө чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума