18- майда Бишкекте «Жүрөктөн жүрөккө» аттуу карылардын колунан жаралган буюмдардын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жарманке Эркиндик бульвары менен Пушкин көчөсүнүн кесилишине уюштурулат. Иш чара саат 10:00дөн 14:00гө чейин болот. Ага Бишкекте, Чүйдө, Ысык-Көлдө жашаган карылар колдорунан жаралган буюмдарын алып чыгат.
Андан тышкары, шахмат турнири өткөрүлүп, лотерея ойнотушуп, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча мастер-класс болот.