09:31
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

600 долларлык аттиш. Депутат аны 2,5 миң сомго сатып алды

Өкмөт 320 долларга сатып алган аттишти Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов 2,5 миң сомго сатып алды. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Эскерте кетсек, парламент ЖЭБде түзүлгөн авариялык абалга байланыштуу депутаттык комиссиянын корутундусун кароону улантууда.

Депутат сатып алган аттишин көрсөтүп, укук коргоо органдарынан аны материалдык далил катары кароону суранды.

Акылбек Жамангулов, учурда аткаминерлер аталган маселе Кыргызстандын Кытай менен болгон мамилесине таасирин тийгизе ургандыгы тууралуу маалымат тарата баштаганына токтолду.

«Комиссия иликтөө учурунда өтө кызыктуу фактылар менен таанышты. Энергетика тармагынын жетекчилиги ишенип берилген каражатты туура эмес пайдаланышкан. Бул жерде өтө чоң сумма тууралуу сөз болуп жатат. Бир нерсе болсо эле энергетиктер тарифти жогорулатуу керек деп чыгат. Эмнеге карапайым эл төлөшү керек? Насыялар максатсыз пайдаланылып жатат. Энергетика тармагынын жетекчилерди хансарайларда жашап, мингендери жол тандабас. Эл катары эле маяна алган туугандарынын дагы жашоолору жакшы. Бул байлык кайдан келип жатат?» — деген суроону узатты ал.

«Алгач үй салуудан мурун ар бир адам анын долбоору менен таанышып чыгат. Өкмөт мүчөлөрү Эксимбанк менен макулдашууга кол коюп жатканда, шарттарын караган жокпу? Албетте, өз чөнтөктөрүнөн чыгарып жатпагандан кийин аларга бары бир да. Кымбат жабдыктарды сатып алды. Жөнөкөй эле аттиш 250 сом турат. Мен аны базардан сатып алдым. Ал эми энергетиктер бизге баасы 320 долларды чапчыган аттиштерди көрсөттү. Мен ошондой эле аттишти кошумча жабдыктары менен 2,5 миң сомго сатып алдым», — деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар