USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Кыргызстанда жемкорлукка каршы күрөшүүдөн түшкөн каражат атайын эсепке салынат

14:34, 16 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Президенти Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана ачык-айкындуулукту арттыруу максатында укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык мүнөздөгү кылмыш иштерин тергөөдө кайтарылган жана алар боюнча соттун өкүмдөрүн аткарууда өндүрүлгөн акча каражаттарынын эсебин алууга, сактоого жана андан ары колдонууга багытталган атайын банк эсебин ачууга тапшырмасын берди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчынын тапшырмасын аткаруу үчүн президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев прокуратура органдарынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Финансы министрлигинин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын, Улуттук банктын жетекчилеринин катышуусу менен кеңешме өткөрүп, анда атайын банк эсебин ачууга байланыштуу маселелер талкууланды.

Өкмөткө бул максаттарда атайын банк эсебин ачуунун ченемдик-укуктук маселелерин иштеп чыгуу сунушталды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика