01:51
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Кыргызстан Эл аралык Куран жарышына катышат

Муфтият Эл аралык Куран сыйлыгы комитети менен кызматташууну ниет кылууда. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев билдирди.

Ал Бириккен Араб Эмиратындагы иш сапарынын алкагында Дубайдагы Эл аралык Куран сыйлыгы комитетинин төрагасы доктор Ибрахим Мухаммед Бумелха менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу, Бириккен Араб Эмиратында өтө турган Куран жарыштарына Кыргызстандагы карылардын катышуусу жаатында пикир алышты.

Муну менен катар иш сапар алкагында Азирети Муфтий Дубайдагы Эл аралык Куран сыйлыгы комитети тарабынан жүргүзүлгөн иштер менен жеринде таанышып, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы эки тараптуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар