19:49
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Исаков ЖЭБди модернизациялоо боюнча президентке кат жазуу себебин түшүндүрдү

Экс-премьер-министр Сапар Исаков депутаттарга Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча президентке кат жолдогонунун себебин түшүндүрдү.

Анын айтымында, Кытай тарап насыя берип жаткандыктан өздөрүнүн бир нече шарттарын койгон. Улуттук кызыкчылыкка каршы келбегендиктен Кыргызстан макул болгон.

«Китай таратып үч нота жиберген. Биз ага жооп кайтарышыбыз керек эле. Ошол кездеги президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы катары мамлекет башчысына маалымат беришим керек болчу», — деди Сапар Исаков.

Мурдагы экономика министри Темир Сариев тендер жарыялоону сунуштап, анын негизинде ЖЭБди модернизациялоочу ишкананы тандап алуу пикирин айткан.

«Бирок ошол учурда өкмөт ЖЭБди оңдоо боюнча насыя алуу боюнча туура чечим кабыл алды», — деди Темир Сариев.

Эскерте кетсек, аталган маселе боюнча кылмыш иши козголуп, энергетика тармагынын жооптуу кызматтарында отурган жети киши камакка алынган. Алардын арасында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев жана «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов дагы бар. Алардын бардыгы жемкордук беренеси менен айыпталууда. Ал эми мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков кечээ УКМКга чакырылып күбө катары сурак берди.

Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, ЖЭБди модернизациялоого акча керек болгондуктан, мамлекет насыя алууга аргасыз болгондугун кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар