13:21
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Сак болуңуз. Жаран интернет аркылуу 32 миң долларын алдатты

Жаран интернет аркылуу 32 миң долларын алдатты. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызмат билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кызматка Ысык-Көл облусунун С. С. аттуу тургуну арыз менен кайрылган.

Арызда бейтааныш кишилер интернет аркылуу анын ишенимине кирип, 32 миң долларын алып, жок болушканы жазылган. 2017-жылдын декабрында интернет аркылуу бат киреше табуунун жолу менен таанышкан. Ал кайсыл бир сайтка каттоого алынган соң, ага бейтааныш адамдар байланышка чыккан. Аялдын ишенимине кирген соң, аны алыш-бериш эсебин ачууга көндүрүшкөн. Аял эсепке үзгүлтүксүз каражат которуп турган.

2017-жылдын декабрынан тартып, 2018-жылдын февралына чейин С. С. эсебине 32 миң доллар которгон. Акча алдамчылык жол менен кайдагы бир Леонид Карамазов деген кишинин колуна түшкөн. Чогултулган маалыматка ылайык, жыйналган каражат чет мамлекетке которулган. Аталган факт боюнча «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы боюнча мамлекеттик кызмат жарандарды жогорудагыдай кадамдарга баруудан алыс болууга чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар