10:41
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жээнбеков түндүк-түштүк маселесин таңуулагандарга чара көрүлө турганын айтты

«Түндүк-түштүк маселесин таңуулап жаткандарга чара көрүлөт». Мындай пикирин мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Ал кийинки кезде «Жээнбеков кландык бийликти орноткону жатат» деген пикирди коомго сиңирүү аракеттери күчөп жатканын белгиледи.

«Ыгы келсе да, келбесе да чагымчыл максатта «түндүк-түштүк» маселесин көтөрүп жаткан топтор бар. «Түндүк-түштүк маселесин таңуулап жаткандарды — бул кутман элибизди ичтен иритип, өзүнүн бузуку саясатын жүргүзгүсү келгендер деп баалайм! Түндүк-түштүк маселесин жабыштырып, жок жерден таңуулап жаткандарга чара көрүлөт», — деп белгиледи резидент Сооронбай Жээнбеков.

Ал эч качан элди улутуна, динине, жерине карап бөлбөгөнүн, өзүн жалпы Кыргызстан элинин президенти катары милдетин аткарып, журтуна кызмат кылаарын баса көрсөттү.

«Бул менин Кудай буйруган, элим ишенип тапшырган негизги вазийпам. Үй-бүлөлүк бийлик кандай болоорун элибиз бир эмес, эки президенттин тушунда көргөн. Үй-бүлөлүк кландык башкаруунун трагедиялуу тарыхы Кыргызстан калкынын аң-сезиминде өчпөс так калтырды жана элибиз кландык башкарууга кайрадан жол бербейт», — деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков бүгүн, эки күндүк жумушчу сапары менен Ысык-Көл областына барып, анын алкагында Тоң районунун жашоочулары менен жолугушууда.

Эң көп окулган жаңылыктар