04:39
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Райымбек Матраимовдун Сапар Исаковго каршы арызын кароо кийинкиге жылдырылды

Биринчи май райондук соту бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун арызын кароону 10-майга жылдырды. Ага өкмөттүн жана Бажы кызматынын өкүлдөрүнүн соттук отурумга келбегени себеп болду.

Райымбек Матраимов, аны кызматтан алуу мыйзамсыз болгонун айтат. Анын жактоочусу Татьяна Карыжинская мурдагы аткаминердин иштен алынуусу боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүнү жана кызматтан алынуу негиздерин так көрсөтүүнү талап кылууну соттон суранды. Судья Алмаз Калыбаев анын өтүнүчүн канааттандырды.

Эскерте кетсек, «Раим-миллионер» деген ат менен белгилүү болгон Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23- ноябрында, ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаковдун буйругу менен иштен алынган.

Сапар Исаковдун кадр маселесин чечүүдө Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин сууга чөкпөс мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду иштен алуусу коомдо катуу талкуу жараткан. «Раим-миллионер» жетекчиликтин чечимдерине жана саясатына анын ишмердиги дал келбегендиги үчүн иштен алынган.

Матраимов аталган маселе боюнча экс-премьер-министр Сапар Исаковду сотко берген. Ал ошол кездеги өкмөт мыйзамсыз иштен алган деп эсептейт.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби